• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЖКнын 2018-жылдын 10-январындагы жыйынында добуш берилген мыйзам долбоолору

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек,10.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 10-январындагы жыйынында бир нече мыйзам долбоолоруна добуш берилген. ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, алар төмөнкүлөр:

Үчүнчү окууда:

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору.

“Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору.

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору.

Экинчи окууда:

“Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору.

Биринчи окууда:

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”.

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору

Четке кагылды:

“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамга карата Президенттин каршы пикири.

Пикир

Оставить комментарий