• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жо Байден президенттик шайлоого катышпай турганын айтты

Дүйнө 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Жо Байден президенттик шайлоого катышпай турган болду.

АКШнын президенти Жо Байден кийинки президенттик жарышта ат салышпай тургандыгын социалдык баракчасы аркылуу билдирген.

"Сиздерге президент катары кызмат кылуу менин жашоомдогу эң чоң сыймык болду. Мен кайра шайлоого катышууга ниеттенгем, бирок партиямдын жана өлкөмдүн кызыкчылыгы үчүн талапкерлигимди алганым туура болот деп эсептейм", - деди Байден.

Ошондой эле Байден өзүнүн чечими тууралуу жуманын соңунда элге кайрылуу жасап, кененирээк айтып берүүнү убада кылды.

Жо Байден учурда 82 жашта. Ал АКШнын 46-президенти.

Белгилей кетсек, АКШ президентин 60-ирет шайлоо 5-ноябрга дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий