• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жогорку чыӊалуудагы "Костромская" көмөк чордонунда реконструкциялоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. "Костромская" жогорку чыӊалуудагы көмөк чордонунда курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, курулуш иштеринен кийин көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулайт.

Адистер учурда кошумча кубаттуулугу 16000 кВА түзгөн күч трансформаторду, элегаз өчүргүчтөрдү жана 110 кВ чыңалуудагы элегаз ток трансформаторлорун орнотушту.

Реконструкциялоо иштери электр энергиясын керектөөнүн өсүшү жана жаңы керектөөчүлөрдүн көбөйүшү менен байланышкан. Иштер аяктагандан соң көмөк чордондун жалпы кубаттуулугу 41 000 кВАди түзөт.

Белгилей кетсек, реконструкциялоо иштери Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер районунда, Достук конушунда, Профсоюзная/Патрисса Лумумба көчөсүндө жашаган керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Маалымат үчүн: Жогорку чыӊалуудагы "Костромская" көмөк чордону 1986-жылы пайдаланууга берилген. Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер районун, Достук конушунун, Профсоюзная/Патриса Лумумба көчөсүн электр энергиясы менен камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий