Жогорку Кеңеш 3-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы маселени карайт

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеңеш эртең Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында марттын ортосунда болгон окуя тууралуу маселени карайт.
Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кечээ, 19-мартта өткөн жыйынында Өкмөттүн бул маселе боюнча маалыматын жабык эшик артында угуп, Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун талкууга алган.

Андан тышкары, өкмөткө кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтыруу жаатында бир катар сунуштамалар менен тапшырмаларды берген эле.

Эске салсак, 13-14-мартта Ак-Сай жана тажик айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыгып, бир нече адам жабыркаган.

Кыргыз тараптан чыр учурунда эки адамга ок тийген билдирсе, тажик тарап жаңжалда эки жараны курман болгонун, башка адамдар жаракат алганын кабарлаган.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары, ал эми кыргызстандыктар

Жаңжал учурунда Тажикстандын жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун жаап коюшкан. Кыргыз жарандары жооп катары Ворух анклавы менен Тажикстанын байланыштырган жолдуу бууп салышкан.

Пикир

Оставить комментарий