• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Парламент 9 мектептин курулушун камсыздоого багытталган мыйзам долбоорун II окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов маалымат берди.

Макулдашууда грант берүү тартиби каралган, анын алкагында ЕАӨБ Кыргыз Республикасында 9 жалпы билим берүү уюмунун курулушун, аларды материалдык-техникалык жактан жабдууну жана Кыргызстанга өткөрүп берүүнү камсыз кылат. Кыргызстан өз кезегинде долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Өкмөттөр аралык макулдашууда каралган милдеттенмелердин аткарылышын камсыздайт. Мектептердин курулушу жана материалдык-техникалык жактан жабдылышы аяктагандан кийин ЕАӨБ аларды Кыргызстанга акысыз жана кайтарымсыз (гранттык) негизде өткөрүп берет.

Талкуу учурунда депутат Жанарбек Акаев келишимдин негизинде алынуучу каражаттардын суммасын, салынуучу мектептерди сурады.

Депутат Илимбек Кубанычбеков мектептердин курулуш мөөнөттөрүн, ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусуна салынуучу мектептин ордун тактады.

Эл өкүлү Улугбек Ормонов билим берүү мекемелеринин курулушунда коммуникациялык иштерди жергиликтүү бийликке жүктөө туура эместигин айтып, бардык маселелерди республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүүнү белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий