Жогорку Кеңеш Асрандиевдин вице-премьерликке жана Аскаровдун ӨКМ башчылыгына талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрликке Асрандиев Эркин Шамшудиновичдин жана өзгөчө кырдаалдар министрине Аскаров Замирбек Марипбаевичдин, талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору кабыл алынды.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Ал Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьер-министри болуп иштегенин, Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келгенин, сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди. «Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алышат деген ойдомун», - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков талапкерлерди өлкө экономикасын көтөрүү жана калк турмушун жакшыртуу жаатында болгон аракеттерин жумшоого чакыруу менен бирге, жалпы депутаттардын атынан Замирбек Аскаров менен Эркин Асрандиевдин эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, жаңы кызматында ири ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кечээ, 4-февралда вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин жана өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Замирбек Аскаровдун талапкерлигин жактырып, аларды парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келген.

Пикир

Оставить комментарий