Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "КР судьяларынын статусу жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Демилгечи – Кыргызстандын президенти.

Мыйзам долбоору иштерди кароодо мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча судьялардын жоопкерчилигин жогорулатууга, судьялар корпусунун курамынын сапатын жакшыртууга, судьялардын кесиптик квалификацияларын жана чеберчиликтеринин өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө, кошумча кесиптик даярдоо зарыл болгон учурду аныктоого жана кызматтан жылдырууга адилеттүү шарттарды түзүүгө багытталган.

Андан тышкары, жыйындын жүрүшүндө "КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Муну менен катар "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Демилгечилер – депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий