• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жогорку Кеңеш "Каркыра" өткөрүү пунктунун иштөө режимин өзгөртүүгө макулдук берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында "2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришкендей, мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев мыйзам долбоору менен тааныштырды.

Ал белгилегендей, макулдашууга "Каркыра-автожол" өткөрүү пунктунун "күндүзү" иштөө режимин "күнү-түнү" иштөө режимине алмаштыруу бөлүгү каралган.

"Каркыра-автожол" өткөрүү пунктунун иштөө режимине өзгөртүү киргизүү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү, ошону менен бирге ички жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү, инфра түзүмүн жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган.

Ошондой эле жыйында “1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” жана “2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий