• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

ЖК Сапар Исаковду премьерликке бекитти

Жогорку Кеңеш 0

БИШКЕК, 25.08.17 /Кабар/. Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында КР Өкмөтүнүн программасын бекитүү, түзүмү менен курамын аныктоо боюнча Жогорку Кеңештин токтомдору кабыл алынды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

КР Премьер-министри кызмат ордуна сунушталган талапкер Сапар Исаков КР Өкмөтүнүн жаңы курамы менен программасынын долбоору боюнча баяндама жасады. Ал жаңы өкмөт астына 3 максат – элдин бакубаттуулугун камсыздоо, экономикалык бакубаттуулуктуу шарттоо жана калктын коопсуздугу үчүн жагымдуу чөйрө түзүү тургандыгын айтты. Бул максаттарды жүзөгө ашырууда 40 кадам белгиленгендигин айтып, аларга кеңири токтолду. Бул максаттар менен катар ишкерлерди текшерүүлөрдү кыскартуу чаралары улантылаары, көмүскө экономиканы азайтуунун ар тараптан колго алынаары белгиленди. Мындан сырткары, региондорду өнүктүрүү, инфратүзүмдү жакшыртуу, билим берүү, саламаттыты сактоо жаатында дагы бир катар конкреттүү чаралар тизмектелди.

Суроо-жооп маалында ири ишканаларды инвестициялоо, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарын өнүктүрүү, региондорду өнүктүрүү, жөлөкпул, эмгек акыларды жогорулатуу, жол коопсуздугу сындуу бир катар маселелердин чечилиши такталды.

Талкууда депутат Акылбек Жапаров программада белгиленген 40 кадамды ишке ашыруу үчүн каржы булактарын аныктоо боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү. Анын пикиринде, республикалык бюджеттин каражаттары сарамжалдуу пайдаланылбай жатат. Депутат Руслан Казакбаев буга чейин жүргүзүлүп келе жаткан коррупцияга каршы күрөштү улантуу керектигин баса белгиледи. Ошону менен катар алдыдагы Президенттик шайлоону таза, адилеттүү өткөрүүгө чакырды. Региондорду дотациядан чыгаруу сунушу менен чыккан депутат Мирлан Бакиров бул үчүн каражатты ички булактардан издөө зарылдыгын айтты. Буга улай бюджетке пайда келтирбеген обьектилерди аныктап чыгуу керектигин кошумчалады.

Мындан сырткары, бир катар депутаттар келечекте жаштардын аброюна шек жаратпоо үчүн Сапар Исаков баштаган министрлер кабинетиндеги жаштардын жигердүү, ишенимди актай тургандай иш алпарышы керектигин белгилешти.

Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин корутундусунун негизинде КР Өкмөтүнүн программасы, түзүмү жана курамы өз өзүнчө добушка коюлду. Комитеттин чечиминин негизинде ачык электрондук добуш берүү менен КР Өкмөтүнүн программасы 97 добуш менен жактырылып, бекитилди. Ал эми КР Өкмөтүнүн түзүмүнүн долбоору дагы ачык электрондук добуш берүүнүн негизинде 96 добуш менен аныкталды. Ошону менен катар КР Өкмөтүнүн сунушталган курамы ачык электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында 97 добуш менен аныкталды. Бул маселелер боюнча Жогорку Кеңештин токтомдору кабыл алынды.

Соңунда Кыргыз Республикасынын 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын жабылышы болду.

КР Өкмөтүнүн аныкталган жаңы курамы төмөндөгүдөй:

• КР Премьер-министри – Сапар Жумакадырович Исаков;

• КР биринчи вице-премьер-министри – Толкунбек Сагынбекович Абдыгулов;

• КР вице-премьер-министри – Дүйшөнбек Текшербекович Зилалиев;

• КР вице-премьер-министри (социалдык блок) – Чолпон Аалыевна Султанбекова;

• КР вице-премьер-министри (коопсуздук блогу) – Темир Курмангазиевич Жумакадыров;

• КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Сакенович Момуналиев;

• КР тышкы иштер министри – Эрлан Бекешович Абдылдаев;

• КР ички иштер министри – Улан Жумабекович Исраилов;

• КР юстиция министри – Уран Түлөндиевич Ахмедов;

• КР каржы министри – Адылбек Касымалиев;

• КР экономика министри – Артем Эдуардович Новиков;

• КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Нурбек Мурпазылжанович Мурашев;

• КР транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилович Калилов;

• КР өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Айылчиевич Боронов;

• КР билим берүү жана илим министри – Гүлмира Каримовна Кудайбердиева;

• КР саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Абдуллаевич Баатыралиев;

• КР маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Токтогулович Казаков;

• КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Базаркуловна Исакунова;

• КР улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Абдил Кеңешович Сегизбаев;

• КР коргоо иштери бонча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Мирбек Абдыкаимович Касымкулов;

• КР өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Улан Дуулатович Рыскулов;

• КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Эсенканович Абасканов.

Пикир

Оставить комментарий