Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору боюнча мыйзам долбоорун колдоду.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору дароо үч окуудан жактырылды.

Үчүнчү окууда депутаттардын 64ү “макул”, 19у “каршы” добушун берди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү жерлер Кыргызстанга калтырды: Гавасай 12 миң 849 га, Көк-Серек 105 га, Баястан 212 га, Унгар-Тоо 35 га, Кара-Белес 25 га, Ак-Таш 100 га, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү 19,5 га.

Ал эми Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагында калары айтылды.

Мындан тышкары, Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жер Өзбекстандын карамагында калды.

Пикир

Оставить комментарий