Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран жана торий казууга уруксат берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңеште уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзамды күчүн жоготту деп таануу боюнча мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" КР мыйзамына)" жана "Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" КР мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-декабрындагы №139 "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамын күчүн жоготту деп табуу сунушталат, ал уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салат.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар кендерди иштетүү жана ушул жааттагы экологиялык маселер боюнча суроолорун беришип, алдыдагы пландарына кызыгышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам долбоору уран жана торий кендерин эмес, титаномагнетит кендерин иштетүүгө багытталганын айтты. Ошондой эле Жапаров көпүрөдөн кулаган жүк ташуучу унаа окуясына токтолуп, ал боюнча эч кандай коркунуч жок жана жеринде радиациялык фон нормалдуу экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий