• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жогорку Кеңеш "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Кечээ, 25-июнь күнү Жогорку Кеңеште депутаттар "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбооруна 79 депутат макул, 10 депутат каршы деп добуш берди.

Демилгечи депутаттар − Асылбаева Г., Осмонова А.

Мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган. Ошондой эле интернет мейкиндигинде маалымат жайылтууга байланышкан укуктук мамилелерди: укуктук мамилелердин субъектилерин, ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуу учурундагы функцияларын, интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдеттерин аныктоо, интернетти колдонуу учурундагы юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер жасалган жерди жана убакытты аныктоо эрежелерин белгилөө жолу менен жөнгө салуу мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.

Талкуу учурунда депутаттар Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев жана Элвира Сурабалдиева аталган мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти. Депутат Наталья Никитенко да мындай цензура киргизүүгө болбой тургандыгын белгиледи. Ал эми депутат Жанар Акаев мыйзам долбоору техникалык жактан алганда аткарышы мүмкүн эмес экендигин айтты.

Суроолорго жооп берген демилгечи депутаттардын бири Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору жарандарды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталгандыгын айтып, "Сөз эркиндигине жана жарандын өз оюн айтуусуна эч кандай чектөө жок", - деди.

Ал эми депутаттар Акылбек Жапаров менен Умбеталы Кыдыралиев мыйзам долбоорун колдоп, бардык демократиялык өлкөлөр жалган маалыматтарга каршы күрөшүп жаткандыгын жүйө келтиришти. Мындай пикирди депутаттар Камчыбек Жолдошбаев, Евгения Строкова жана Абдумажит Юсуров да билдирди.

Пикир

Оставить комментарий