• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоору III окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов, Винера Раимбачаева, Эльдар Абакиров, Айбек Маткеримов тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети саламаттыкты сактоо жаатындагы өсүп жаткан чакырыктарга жана Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу, колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү.

Тактап айтканда, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий