• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалыгына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин тиешелүү сунуштамасын тааныштырды.

Аталган маселени кароонун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кызматына дайындоого макулдугун берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий