Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Россиянын Омск облусундагы жана Омск шаарындагы Кыргызстандын Ардактуу консулу Нурсултан Исабек уулун кабыл алды.
Жолугушууда Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция маселелери жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча кеңештин төрагасы катары аталган тармактагы маселелерге астейдил көңүл бурарын билдирди.
Анын ичинен Россиядагы элчилик жана мекендештер менен тыгыз кызматташып, керектүү мыйзамдык базаны чыңдоо багытында жигердүү иш алып барууга кызыкдар экендигин белгиледи.
“Чет жерде жашап, иштеп, ошол эле учурда башка мекендештерге да көмөгүн көрсөтүп келе жаткан сиздей жаратман замандаштарыбыз менен дайым сыймыктанабыз. Мындан ары да кыргызстандыктардын кызыкчылыгы үчүн жигердүү эмгектене бериңиз” – деген төраганын орун басары Жогорку Кеңештин атынан Нурсултан Исабек уулуна сыйлык тапшырды.
Пикир
Оставить комментарий