Жогорку Кеңеш президенттин милдетин аткара турган адамдын талапкерлигин карайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү маселесин карайт.

Ошондой эле кезексиз жыйындын күн тартибинде депутаттык мандатын кайтарган Өмүрбек Текебаевдин ант берүүсү жана президенттин кызматынан кетип жатканына байланыштуу анын милдеттерин аткара турган адамдын талапкерлиги каралат.

Президент кызматтан кеткенден кийин анын милдеттери Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Төрага президенттин милдеттерин аткара албаган учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөт башчы дайындалат. Кечээ, 15-октябрь күнү Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан билдирген.

Белгилей кетсек бүгүнкү жыйында Жээнбеков Жогорку Кеңештин алдына чыгып, сөз сүйлөйт. Ошондой эле жыйынга өкмөт башчы катышат.

Эскерте кетсек кечээ, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий