• 87
  • 90.59
  • 0.86

Жогорку Кеңеш Соцфонддун бюджети тууралуу мыйзам долбоорлорун I окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2023-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулду. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Ошондой эле жыйында "КР Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "КР Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө" мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорлору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Соцфонддун төрагасы Бахтияр Алиев мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2023-жылы Социалдык фонддун бюджетинин жалпы чыгымдары 90 млрд 297,4 млн сомду түздү.

Ал кошумчалагандай, Социалдык фонддун 2023-жылга бюджети 11 миллиард сом профицит менен бекитилген жана жылдын аягында 12 миллиард 882,5 миллион сом профицит менен аткарылган. Ал эми Соцфонддун 2024-жылга такталган бюджети 110 млрд сомдон ашык суммада белгиленген. 2025-жылга карата бюджет 117 млрд сомдон ашык суммада каралууда.

Эсептөө палатасынын аудитору Пардаали Батиров белгилегендей, 2023-жылдагы Соцфонддун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитте 214 млн сом дал келбестиктер аныкталган.

Талкуу учурунда депутат Эмил Токтошев жыл сайын пенсионерлердин саны көбөйүп жатканын эске алып, кийинки жылы төлөнүүчү эң төмөнкү пенсиянын суммасынын чегин сурады.

Бахтияр Алиев быйыл 1-октябрдан тартып 6900 сомдон төмөн пенсия алгандар жок экендигин билдирди.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Социалдык фонддун 2025-жылдагы бюджетинде каралган 2,6 млрд сомдук тартыштыкты жоюу, пенсия акыларын инфляциянын деңгээлин эске алуу менен жогорулатуу маселелерине токтолду. Эл өкүлдөрү Таалайбек Сарыбашов, Бактыбек Чойбеков Соцфонддун ижарада турган мекемелерине жаңы имарат куруу, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жагдайларына көңүл бурду. Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева пенсияны мамлекеттик банктар аркылуу жеткирүү кызматын акысыз кылуу сунушун айтып, пенсиянын топтомо бөлүгүндөгү каражаттарды колдонуу тартибин сурады.

Өз кезегинде депутат Улан Примов баалардын өсүүсүнө жараша 2030-жылга чейин Соцфонддун пенсияларды көтөрүү боюнча жол картасын тактады. Депутат Эрнис Айдаралиев 2023-жылы фондго акционердик коомдордон чегерилген каражаттарга, баалуу кагаздарды сатып алуу, бюджеттик каражаттарды кошумча булактар аркылуу көбөйтүү маселесине кайрылды. Депутат Алишер Козуев пенсия берүүнү толук накталай эмес төлөмдөргө өткөрүү, ооган согушунун ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу жагдайына кызыкты.

Ошондой эле депутаттар Нилуфар Алимжанова, Талайбек Масабиров эмгекчилердин эс алуусун камсыздоо, ден соолугун чыңдоо максатында социалдык фонддо каралган каражаттардын сарпталышын жана кайсыл багыттарга жумшалышын тактады. Депутат Камила Талиева Россияда эмгектенген мигранттардын пенсияга чыгуу шартын эске алуу, башка өлкөлөр менен болгон келишимдерди карап чыгуу маселелерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий