• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жогорку Кеңеш "Стандартташтыруу жөнүндө" мыйзам долбоорун I окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Стандартташтыруу жөнүндө" мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев белгилегендей, "Стандартташтыруу жөнүндө" мыйзам долбоорунун максаты жана милдеттери стандартташтыруу чөйрөсүнүн укуктук негизин оптималдаштыруу, стандартташтыруунун улуттук системасын эл аралык практика менен шайкеш келтирүү, продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө көмөктөшүү, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү болуп саналат.

Ал эми экинчи "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору кайталоолорду болтурбоо максатында иштелип чыккан. Атап айтканда, стандартташтыруу чөйрөсүн жөнгө салуучу жоболор алынып салынууда.

Талкуу маалында депутаттар Гүлшаркан Култаева жана Динара Ашимова атамекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын экспорттоодо сертификациялоо жана стандартташтыруу тартибине көңүл бурушту. Депутат Дастан Бекешев мейманканаларды классификациялоо стандарттары, эсептегичтерди текшерүү мөөнөтүн узартуу тууралуу маселелерди көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий