• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жогорку Кеңеш "Тынчтык жөнүндө" мыйзам долбоорун III окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралып, алар үчүнчү окууда кабыл алынды.

Алсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген "Тынчтык жөнүндө" жана "КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору каралды.

Бул багытта Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков маалымат берди.

Мыйзам долбоору тынчтыкты жана эс алуу убактысын камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй талаптарды белгилөөнү сунуштайт, анын ичинде: ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу; тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик; жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол берилбей турган убакыт мерчемдери.

Пикир

Оставить комментарий