Бишкек, 26.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Учурда Жогорку Кеңешке милдетүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу, өзгөртүү түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча эки мыйзам долбоору келип түштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда жарандар өздөрүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн бир жылга камсыздандырууга көңүл кош мамиле жасап жатышат.
“Чет мамлекеттерде, коңшу өлкөлөрдө жарандар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн активдүү камсыздандырып келишет. Биз дагы ушуга үйрөнүп, мүлкүбүздү камсыздандырышыбыз керек. Белгилүү болгондой, бир эле биздин өлкөдө эмес, жер шаарындагы бардык мамлекеттерде жер титирөө, сел жүрүү, өрт кырсыгы сыяктуу кооптуу жагдайлар көп болууда. Мындай шартта камсыздандыруу өтө маанилүү”,- дейт Эрбаев.
Ошондой эле эл өкүлү кыргызстандыктарды кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандырууга чакыруу менен бул тууралуу өз пикирин билдирди.
“Бир жылдык төлөмдөрүн карай турган болсок, турак жайды камсыздандыруу айыл жергесинде 600 сом, шаар жеринде 1 миң 200 сом. Мен ойлойм бул сумма жарандарыбызга эч кандай деле оорчулук жаратпайт. Мисалы “Көп түкүрсө, көл болот” дегендей чогулган каражаттын эсебинен Ош, Ысык-Көл облустарында кооптуу жагдайлар катталганда жабыркаган турак жайларды оңдоп -үзөөдө элге жардам бергенге жетишти. Камсыздандырууга 2009-жылдан бери кичине түшүнбөстүк мамиле жасап келебиз. Азыр бизге 1,5 миллиондон ашык туристтер келди деп жатабыз, алар өздөрүнүн 1 жумасын 25 доллардан камсыздандырып келишет”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий