• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жогорку Кеңеште 13 депутаттан турган “Элдик” тобу түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Жогорку Кеңешке бир мандаттуу шайлоо окуругунан келген 13 депутат “Элдик” аталышындагы топ түздү. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

"Эл добушун партияга эмес, бизге берген. Кайсы бир партияга кошулбай "Элдик" тобун түздүк. Азыр топко 13 депутат кирди, дагы кошулам дегендер кирсе болот", - дейт ал.

Кечээ, 29-декабрда, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген жаңы депутаттар ант берген.

Эскерте кетсек, скерте кетсек, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок Биринчи май жана Свердлов округдарында баарына каршы графасы алдыга чыккан. Мындан улам аталган эки округда кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий