• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жогорку Кеңеште мектептердеги жаңы окуу графигин кайра карап чыгуу сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар борбор калаадагы мектеп окуучуларын саат 7:30дан, ал эми студенттерди саат 10дон баштап окутуу тууралуу мэриянын чечимин сынга алышты.

Парламенттен билдиришкендей, төрага Нурланбек Шакиев депутаттар тарабынан көтөрүлгөн бул маселе өтө маанилүү экенин, аталган жагдай боюнча жарандардан да көптөгөн кайрылуулар келип жатканын белгиледи.

“Жаш балдарды жетиде окууга жөнөтүш үчүн алтыда тургузуш керек. Ал эми түштөн кийинки окугандардын сабагы кеч бүтүп, окуучулар кечки саат 8-9дарда үйүнө барат. Кечки тамактануусу 10-11лерде болуп калат. Эксперимент катары мындай ыкма жасалбашы керек болчу. Министрлер кабинети бул маселени ыкчам түрдө карап, чечиши зарыл”, – деди.

Кошумчалай кетсек, депутаттар Дастан Бекешев менен Марлен Маматалиев да мектеп окуучуларынын, студенттердин окуусуна тиешелүү бул чечим калаадагы тыгынды азайтпастан, тескерисинче ыңгайсыздык жаратканын белгилешип, аталган маселени тез арада чечүү керектигин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий