• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жогорку Кеңеште Эмгек кодексинин долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеӊештин Социалдык саясат боюнча комитети КР Эмгек кодексинин долбоорун жана «КР Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана КР эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Парламенттик угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев белгилегендей, мыйзам долбоорлору кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталган.

Анын ичинен, долбоорлор менен эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин тартибин жөнөкөйлүштүрүү, Кыргызстанда мамлекеттик майрамдардын жана жумуш эмес майрамдардын санын кыскартуу, жаңы жылдык жана май каникулдарын белгилөө, дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө каралган.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Айбек Маткеримов медициналык мекемелерде беш же алты күндүк иш жумасы кандай учурларда белгиленерине кызыкты. Баяндамачы маалымдагандай, колдонуудагы Эмгек кодекси да, сунушталып жаткан кодекстин долбоору да көрсөтүлгөн эки шартта тең иштөөгө уруксат берет. Бирок, иштин жалпы узактыгы жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш.

Ал эми депутат Дастан Бекешев ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка орноштуруу жана аларды ушул жылы күчүнө кирген салык төлөмдөрүнүн айрым түрлөрүнөн бошотуу маселесине токтолсо, депутат Айгүл Айдарова зыяндуу эмгек шарттары тууралуу нормаларды жана тиешелүү кошумча төлөмдөрдү сактоо зарылдыгын айтты. Депутат Медербек Алиев Эмгек кодексине аба ырайынын аномалдуу шарттарын эске алуу тууралуу ченемдерди киргизүүнү сунуштап, мындай чаралар эл аралык практикада колдонуларын кошумчалады.

Өз кезегинде коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев министрликтин ишинин өзгөчөлүгүн эске алып, кызматкерлердин өздүк иши тууралуу түшүнүктү эмгек стажын эсепке алуу пунктуна кошууга чакырды.

Акыйкатчы институтунун өкүлү сунушталып жаткан кодекстин долбооруна ылайык иш берүүчү 14 жашка чейинки курактагы баласы бар ата-энелердин биринин өтүнүчү боюнча толук эмес жумуш күнүн же толук эмес иш жумасын белгилөөгө милдеттүү деген норманы конкреттештирүүнү сунуштады. Ал белгилегендей, иш жүзүндө бул норма талаш маселелерди жаратышы мүмкүн.

Талкуунун жыйынтыгында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы эске алынып, парламенттик угуунун сунуштамалары кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий