• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жогорку Кеңеште Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана анын тунгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарада төрага Нурланбек Шакиев аталган маарекелердин мааниси тууралуу сөз кылып: “Бул маарекелер бекеринен белгиленип жаткан жок. Мындан туура 100 жыл мурун эгемендикти эңсеген элге үмүт берген чоң бурулуш болгон. Тагыраагы, азыркы кайрадан калыбына келген көз карандысыз мамлекетибиздин алгачкы пайдубалы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндө түптөлгөн. Албетте, автономиялуу облус да жеңил эле түзүлө койгон эмес. Бул үчүн көптөгөн көсөмдөрүбүз күрөшүп, улуттубуздун ысымы жазылган автономиялуу облусту түзүү үчүн көп эмгек жумшашкан. Алардын катарында Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев өндүү даанышман аталарыбыз турган”, – деди.

Ошондой эле КР президенти тарабынан чыгарылган “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” жөнүндөгү жарлык тууралуу да кеп кылган Нурланбек Шакиев: “Кыргыздар өнүгүүнүн бир катар этаптарынан өтүп, ар кайсы мезгилдерде мамлекеттик түзүлүштөргө ээ болуп келген. Ошону менен катар мамлекеттик түзүлүштүн түптөөчүлөрү катары элдик лидерлер чыккан. Алардын сап башында жогоруда аты аталган аталарыбыз турат”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тарыхына учкай токтолгон төрага: “Иманалы Айдарбеков баштаган аталарыбыз кыргыз эли өзүнүн тили, маданияты жана тарыхы менен башкалардан айырмаланып турарын жана өз мамлекетин түзүүгө толук укуктуу экендигин ынанымдуу жана жүйөлүү негиздер менен далилдешкен”, – деди.

Андыктан Иманалы Айдарбековдун өмүр жолу көпчүлүккө үлгү экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусунда аталган инсандын салымы зор. Анын жетекчилиги менен алгачкы мамлекеттик органдар түзүлүп, борборубуз Ташкенттен Бишкекке көчүрүлгөн. Ошондой эле ал туңгуч жетекчи катары өлкөбүздөгү бардык жаңылануулардын башында туруп, эл чарбасын түптөөгө, экономикабызды өнүктүрүүгө, калктын социалдык турмушун жакшыртууга бардык күч-аракетин жумшаган”, – деди.

Мындан тышкары, элибиздин эгемендиги үчүн күрөшкөн кыргыздын кыраан уулу 1938-жылдагы саясий репрессиянын курмандыгы болгонун эске салган төрага: “Иманалы Айдарбековдун элеси эч качан унутулбайт. Кыргыз мамлекетин түптөгөн аталардын катарында, өмүрү өрнөк инсан катары айтыла берет”, – деп жыйынтыктады.

Эскерте кетсек, иш-чарага депутаттар, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, окумуштуулар, тарыхчылар жана коомдук-саясий ишмерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий