• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Парламентте "Каркыра" бекетинин иштөө режимин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргызстан өкмөтүнүн жана Казакстан өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоорун Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев тааныштырды. Ал белгилегендей, макулдашууга "Каркыра-автожол" өткөрүү пунктунун "күндүзү" иштөө режимин "күнү-түнү" иштөө режимине алмаштыруу бөлүгү каралган.

"Каркыра-автожол" өткөрүү пунктунун иштөө режимине өзгөртүү киргизүү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү, ошону менен бирге ички жана чет элдик туристтердин агымын көбөйтүү, инфра түзүмүн жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий