• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жогорку Кеңеште "КР жарандыгы жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева белгилегендей, мыйзам долбоору ички карама-каршылыктарды жоюу жана Кыргызстандын жарандык маселелерин кароо процессин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Динара Ашимова жасалма никеге туруу сыяктуу мыйзамсыз жолдор менен жарандык алууга каршы туруу керектигин белгилеп, тиешелүү механизмдери иштеп чыгууну сунуштады.

Ал эми депутат Аманкан Кенжебаев дачаларда жашаган жарандарды каттоо, мамлекеттик кызматтарды алуу маселесин көтөрүп, бул багытта саясий чечим кабыл алуу керектигин кошумчалады.

Депутат Кундузбек Сулайманов кош жарандуулукка байланыштуу маселени жөнгө салуу зарылдыгын айтса, эл өкүлдөрү Ырысбек Атажанов, Чолпон Султанбекова жана Надира Нарматова "кайрылман" макамына ээ болгон этникалык кыргыздар үчүн тийиштүү шарттарды түзүү жана документтештирүү маселесин ортого салышты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий