• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимдер каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимдер каралды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Атап айтканда, "2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" жана "2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралды.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Аталган мыйзам долбоорлорун Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов тааныштырды. Анын айтымында, аталган келишим Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.

Талкуу маалында депутаттар Эмил Токтошев жана Медербек Алиев Кыргызстан ЕАЭБге мүчө экенин эске салышып, КР министрлер кабинетин Россиянын аймагында эмгектенген кыргыз жарандарынын укуктук абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө чакырышты.

Ал эми депутаттар Улугбек Ормонов, Камила Талиева жана Айбек Маткеримов кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүктөрдү тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимдерди аткаруу үчүн саясий-дипломатиялык чараларды колдонуу менен белгиленген маселелерди ыкчам түрдө чечүү керектигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий