• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Жогорку Кеңеште онлайн насыя берүүнү татаалдатуу жана чектөө маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар аймактагы социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, депутат Сүйүнбек Өмүрзаков өлкөдө онлайн-насыялардын пайда болушу менен телефон шылуундары көбөйгөнүн билдирди. Ал коммерциялык банктардын жана Улуттук банктын бул багыттагы иши жетишсиз экенин кошумчалады. Анын айтымында, 2024-жылдын 8 айында телефондук алдамчылык боюнча 705 учур катталган. Ал Финансы министрлиги менен Улуттук банкка онлайн насыяларды коопсуз берүү маселесин иштеп чыгууну сунуштады. Ушул эле маселеге көңүл бурган депутат Эмил Токтошев тез арада онлайн насыя берүү процессин токтотууга чакырды.

Ал эми депутат Русланбек Жакышев Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Орловка айылындагы эски мектепти ондоо иштерин соңуна чыгаруу маселесине кайрылып: “Жарым кылымдан бери эскилиги жеткен имаратты оңдоо үчүн эл 9 млн сом чогултуп, ашар жолу менен капиталдык курулуш иштери башталган. Бирок, каражат жетпей бүтпөй жатыптыр”,- деди ал.

Депутат Бакытбек Марипов Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагын аралап өтүүчү Ак-Сай жана Мазар-Сай сайларын тазалоону МЧС аркылуу жыл сайын алып баруу маселесин көтөрдү. Муну менен катар ал аймакта көпүрө куруу зарылдыгын айтты.

Өз кезегинде, эл өкүлү Жалолидин Нурбаев Араван районунун аймагында вегетация мезгилинде суу тартыштыгын эске салып, аймакка демөөрчүлөр жана мамлекеттин көмөгү алдында БСР куруу муктаждыгын белгиледи.

Депутат Бактыбек Чойбеков болсо Бишкек шаарындагы гимназияларды кадимки мектептердей кайра уюштурууга болбостугун айтты. "№26 мектептен бир топ мугалимдер иштен кетишти. Мектеп жабылат деген кооптонуу бар. Көптөгөн гимназиялар жөнөкөй мектеп болуп калды. Мындай көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес, анткени көпчүлүк балдар жеке мектептерге которулат", - деди Бактыбек Чойбеков.

Ошондой эле, депутат Таалайбек Сарыбашов Ош-Сары-Таш-Эркечтам трассасында иштеп жаткан Каратай бажы терминалына баруучу жолдун кооптуу жерлерин оңдоо, оор жүк ташуучу унаалардын тыгынын иретке келтирүү маселесин козгоду.

Ал эми Бишкек шаарындагы жол тыгыны маселесине кайрылган депутат Марлен Маматалиев аны чечүү максатында буга чейин айтылган сунуштар аткарылбай жатканына көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий