• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жогорку Кеңеште Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев парламенттин жыйынында Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, өлкөдө коррупция менен аёсуз күрөш жүрүп жатат.

"Коррупцияонер Раим Матраимов менен байланышы бар 3 депутат парламенттен кетти. Министрлер дагы кызматынан алынууда. Бирок, матраимовду саясий айдыңга алып келип, партия түзүп берген адамдар кыргыз мамлекетинин төрүндө мамлекеттин эсебинен жашап жүрөт. Ал ким? Бул Сооронбай Жээнбеков. Ал президент болгонго чейин губернатор, премьер-министр болуп, алардын адамдарын колдоп келди. мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жанындагы Икрам Илмиянов менен Жээнбековду колдоп, бийликке алып келишти, бүгүн жоопкерчиликке тартылган жок. Биз баарбыбыз 2020-жылы парламенттик шайлоо кандай өткөнүн билебиз. Канчалаган жаштар көчөдө митинг кылып турганда бир дагы сөз айтып койбостон, көзү көр же кулагы дүлөйчө ушул жерде отуруп, бийлигинен ажырады. Мунун баарын билебиз", - деди депутат.

Анын пикиринде коррупцияга тиешеси барлардын бардыгы мыйзам алдында жооп бериши керек.

Туманбаев сот тутумунун ишине аралашкан Алмамбет Салиевди (президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары) , айдоочу Икрамжан Илмияновну дагы жоопко тартуу керектигин сунуштады.

"Мен депутат болуп келгенде экс-президент Сооронбай Жээнбековду экс макамынан ажыратуу маселесин көтөргөм. Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков Жылуулук электр борборуна деген 386 млн долларды "жеп коюшканда" бул адам вице-премьер жана премьер-министр болуп отурган. Ал эми 2019-жылы ЖЭБде авария болду, буга чейин Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгон. Ошондо ал жооп берген жок. Мындан тышкары, пандемия учурунда башка өлкөлөр 600 млн доллар беришкен, медициналык каражаттарга эмес, башкаларга жумшалган, анын кесепетинен канчалаган кыргызстандыктар өлүп кетти", - деди Туманбаев.

Депутат ал Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу жөнүндө 5 барактан турган сунуш даярдаганын билдирип, депутаттык комиссия түзүүнү сурады.

Пикир

Оставить комментарий