• 87
  • 90.64
  • 0.85

Жогорку Кеңеште Суу кодексинин долбоору каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Суу кодексинин долбоору жана «Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев тааныштырды.

Баяндамачы белгилегендей, «Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун максаты жана милдети – Кыргыз Республикасынын суу фондунун жерлерин, жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу, башкаруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир ченемдик-укуктук актыга бириктирүү.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев кодекске суу ресурстарын көп жолу пайдалануу жөнүндө нормаларды киргизүүнү сунуштаса, эл өкүлү Таалайбек Сарыбашов дарыялардын жээктерин ижарага берүүгө тыюу салуу зарылдыгын белгилеп, көп учурда ижарачылар жээкти тосуп алгандарын кошумчалады. Депутат Илимбек Кубанычбеков сууну натыйжалуу пайдалануу тууралуу сөз кылып, чакан суу сактагычтарды куруу керектигин айтты.

Ал эми депутат Исхак Масалиев сунушталып жаткан кодекстин 7-беренесин кайра карап чыгууга чакырып, суу саясатын түзүү Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирбей турганын билдирди. Депутат Улугбек Ормонов Өзгөн районундагы Жаман-Адыр айдоо аянттарын суу менен камсыз кылуу долбоорунун 2-этабын тездетүүнү табыштаса, эл өкүлдөрү Марат Мураталиев жана Русланбек Жакышов аймактардагы ирригациялык каналдарды реконструкциялоо, айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселелерин ортого салышты.

Депутат Дастанбек Жумабеков аталган мыйзам долбоорлору менен Суу пайдалануучулар ассоциациялары жоюулуп жатканын айтып, алардын милдетин ким аткарат деп кызыкты. Буга баяндамачы алардын ишин райондук суу чарба башкармалыктары аткара турганын маалымдады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий