Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министрлик кызматка жаңы дайындалган Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министрлигине жаңы дайындалган Сабиржан Абдикаримов ант берди. Ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.
Белгилей кетсек, аталган вице-премьер-министрлик кызматты мурун Алтынай Өмүрбекова аркаласа, саламаттык сактоо министрлик кызматта буга чейин Космосбек Чолпонбаев иштеген.
Пикир
Оставить комментарий