• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жогорку Кеңештин бүткүл комитети парламенттин түзүмүн колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 12-январда, Жогорку Кеңештин бүткүл комитети парламенттин түзүмүн колдоду.

Катталган 69 депутаттын 63ү макулдугу, алтоо каршылыгын көрсөттү.

Жогорку Кеңештин түзүмү боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Султанбай Айжигитов баяндама жасап: “Жогорку Кеңештин түзүмүн кароодо эки багытка өзгөчө басым жасалды. Анын бири парламенттин ишинин натыйжалуугун арттыруу, экинчиси бюджетти үнөмдөө. Ага ылайык төраганын үч орун басарын шайлоо жана 8 тармактык комитет түзүү сунушталууда”, – деди.

Талкуу маалында депутат Адахан Мадумаров комитеттердин аталышын кайрадан карап чыгуу керектигин билдирди.

Муну менен катар депутат Мирлан Самыкожо төраганын үч орун басары көп экенин белгилеп: “Мурда 120 депутат болсо, анын ичинен экөө гана төраганын орун басары эле. Эми 90 депутатка үч орун басар кылуу туура эмес. Андыктан сунушту кайрадан карап чыгуу зарыл”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий