Жогорку Кеңештин дагы бир комитети уран кендерин иштетүүгө уруксат берүүнү жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда "КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамына) жана "Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоого ээ болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев тааныштырды.

Министр белгилегендей, мыйзам долбоору менен "Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу мыйзам долбоору менен "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамын күчүн жоготту деп табуу сунушталат, ал уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салат.

Талкууда депутат Айсулуу Мамашова кен казууда экологиялык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууга чакырып, элдин ден соолугун сактоо чараларын белгиледи.

Депутат Алишер Эрбаев кендерди чалгындоо жана иштетүү жараяндарына Кыргызстанда тиешелүү адистердин жетиштүүлүгүнө жана коопсуздук маселелерине көңүл бурду.

Депутат Кубанычбек Самаков бул багытта эл арасындагы түшүнбөстүктөрдү жаратпоо максатында аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушун айтты.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун жактырды.

Пикир

Оставить комментарий