• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жогорку Кеңештин депутаттары Өзбекстандагы шайлоого байкоо салышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңешинин депутаттары Талайбек Масабиров, Сеидбек Атамбаев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) эл аралык байкоочулар тобунун курамында Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышты.

Парламенттен билдиришкендей, топтун курамына Жогорку Кеңештин КМШ ПАА, ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев да кирди.

КМШ ПААнын байкоочулар тобунун координатору, Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров Өзбекстанда биринчи жолу шайлоо аралаш система менен өткөнүн белгилеп: "Биз саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуп, алар бул жаңылыкты колдой тургандыктарын белгилешти. Андан соң шайлоо участкасынын ачылышында да болуп, комиссия мүчөлөрү инструктаждан өтүп жатканына, ошондой эле биринчи шайлоочу добуш бергенине күбө болдук", - деди координатор.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров баштаган КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар тобунун жыйынтыктоочу кеңешмеси өткөрүлүп, анда 149 шайлоо участкаларында жүргүзүлгөн мониторинг боюнча маалымат алмашуу болду.

Байкоочулар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн даярдыгынын, добуш берүүнү уюштуруунун, шайлоочулардын талапкерлер жөнүндө маалымдуулугунун жогорку деңгээлин белгилешти.

Белгилей кетсек, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо күн мурун, 27-октябрда өттү.

Пикир

Оставить комментарий