• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жогорку Кеңештин депутаты Спорт агенттигин түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров парламенттин жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментине өз алдынча ведомство статусун берүүнү сунуштады.

Ал ата мекендик спортчулардын акыркы Олимпиада оюндарындагы жана Испаниядагы дүйнө чемпионатындагы жетишкендиктерин белгиледи.

"Департаментти агенттикке өзгөртүүнүн убагы келди. Коңшу өлкөлөрдө департамент - бул район жана облустардын деңгээли. Дене тарбия жана спорт департаментин Маданият министрлигинен бөлүп, Спорт агенттиги катары трансформациялоо керек", - деген ал бул өлкөдө спорттун өнүгүшүнө кошумча түрткү берерине ишенерин билдирди.

Депутат Казакстанды мисал келтирип, былтыр ал жакта Спорт жана дене тарбия комитети иштеген Маданият жана спорт министрлиги Туризм жана спорт министрлиги менен Маалымат жана социалдык өнүгүү министрлиги болуп өзгөртүлгөнүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий