Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 14-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан КР Конституциялык сотунун 2023-жылдын 29-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Мыйзам менен Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн соттун Жогорку Кеңешке тийиштүү сунуштама киргизүү боюнча ыйгарым укугун алып салуу боюнча түзөтүүлөр сунушталган.
Ошентип, мындан ары башкы прокурор гана Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизе алат.
Пикир
Оставить комментарий