Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаңы фонтан ишке берилди

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаңы фонтан ишке берилди.

Фонтандын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутаттар катышты.

Фонтан реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн соң ачылды. Анда 11 даана жогорку сапаттагы борбордук электр насостору, жарыктардын өңүн кезек-кезеги менен алмаштырып турганга дистанттык башкаруу ситемасы, гранит каптоо орнотулду.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жаңыланган фонтан шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү жайына айланарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий