• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Жогорку Кеңештин комитетинде бир катар мыйзам долбоорлору II окууда каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы КР өкмөтүнүн жана Казакстандын өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам долбоору менен макулдашууга “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун “күндүзү” иштөө режимин “күнү-түнү” иштөө режимине алмаштыруу сунушталууда. "Каркыра-автожол" өткөрүү пунктунун иштөө режиминин өзгөрүшү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү, анын ичинде ички жана чет өлкөлүк туристтердин агымын көбөйтүү жана инфраструктураны жакшыртуу зарылдыгы менен шартталган.

Мындан тышкары, комитет бир катар мыйзам долбоорлорун экинчи окууда карап, жактырды. Алардын ичинде:

“1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору;

“2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору;

“2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну жана салык салуудан качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору.

Пикир

Оставить комментарий