• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жогорку Кеңештин комитетинде Суу кодексинин долбоору I окууда каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген КР Суу кодексинин долбоору жана «КР Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Аталган маселе боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети - Кыргыз Республикасынын суу фондунун жерлерин, жер үстүндөгү жана жер астындагы суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу, башкаруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир ченемдик-укуктук актыга бириктирүү.

Талкуу маалында депутат Алишер Козуев ортомчулук функцияларды аткарган суу пайдалануучулар ассоциацияларын жоюу керектигин белгилеп, бул багытта айыл өкмөттөрдүн ишин күчтөндүрүүнү сунуштады. Эл өкүлү Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүн таза ичүүчү суу жана сугат суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү. Депутат Чингиз Айдарбеков Суу кодексинин долбоорунда көрсөтүлгөн мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салууга тиешелүү нормаларды Тышкы иштер министрлиги менен дагы бир жолу макулдашып, иштеп чыгууга чакырды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий