Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар III Элдик курултайдын жыйынына катышууда.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев негизги эки маселеге - билим берүү тармагындагы жана экологиялык көйгөйлөргө токтолду.
"Биз кубаттуу өлкөнү куралы десек билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурушубуз кажет. Келерки жылы тармакта ири реформа ишке ашырылып, мектептер 12 жылдык окутуу системасына өтөт. Мындай система ийкемдүү, инклюзивдик жана инновациялык билим берүү системасын түзө турган стратегиялык кадам катары каралууда. Башкысы жасалган реформа тармактын алдыга жылуусуна көмөкчү болуп, окуу системасын жакшыртууга өбөлгө түзүшү зарыл”, – деди ал.
Муну менен катар төрага бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайларга чейин, ал тургай илим изилдөө мекемелерин да Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлдөй тургандыгын айтып: “Министрликке мыкты жетекчини алып келсек да, анын баарына жетишип, тармакты оңдоп кете албайт. Андыктан, жеке мен министрликти экиге бөлүүнү демилгелеп келем. Тагыраагы бала бакчалар менен мектептерди Агартуу министрлиги жетектесе, жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө мекемелерин Жогорку билим жана илим министрлиги көзөмөлдөгөнү оң”, – деди.
Шакиев сунушту президент да колдоого алганын кошумчалады.
Андан тышкары, экинчи негизги маселе катары экологиялык көйгөйлөр тууралуу кеп кылган төрага: “Биз көп учурда капарга албаганыбыз менен азыр экологиядагы көйгөйлөр дагы көңүл чордонундагы маселе. Айрыкча биз өлкөбүздөгү токой аянттарын сактап, аларды кеңейтүүгө басым жасашыбыз кажет. Анткени, жерибиздин 6%ын гана токойлор ээлейт. Бул көрсөткүч өтө аз. Биз жыл сайын миңдеген көчөттөрдү олтургузганыбыз менен алар каралбай, натыйжасыз болууда. Андыктан, көчөттөрдү тигип эле тим болбой, алардын келечекте өнүп-өсүп кетүүсүнө да кам көрүүбүз зарыл”, – деди.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат, президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетининин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышып жатат.
Пикир
Оставить комментарий