Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Ардактуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Ислам дини кайрымдуулуктун, сабырдуулуктун жана биримдиктин дини. Андыктан, мусулман коомчулугундагы майрамдар да адамдар ортосундагы жакшы мамилени жана ынтымакты даңазалайт. Айрыкча Курман айт майрамында атайын курмандык чалынып, жардамга муктаж жарандарга, ага-тууган, жакындарга таратылат. Арбактарга багышталып куран окулуп, ислам дининдеги ыйык жөрөлгөлөр жасалат.

Кадырлуу мекендештер!

Азыркы ааламдашкан доордо жалпы мусулман коомчулугу руханий баалуулуктарыбызды жоготпой, бабалар калтырган улуттук каада-салт, үрп-адаттарыбызды да урматташыбыз керек. Дүйнөдө болуп жаткан каргашалуу окуялардан оолак туруп, динибизге көлөккө түшүргөн аракеттерден алыс болушубуз кажет. Адам деген атты бийик тутуп, мусулманчылыкка таандык асыл сапаттарды карманышыбыз зарыл. Биз ошондо чыныгы мусулман боло алабыз!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Жаркыраган жай күндөрүнө туш келген быйылкы Курман айт майрамы жакшылыктарга себепчи болуп, элибиздин ынтымагы артсын. Кайрымдуу жарандардын катары көбөйүп, ар ким өз максаттарына жетсин. Оорулуулар айыгып, илдеттеринен кутулушсун. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болуп, кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин!

Касиеттүү Меккеде ажылык зыяратын өтөп жүргөн журтташтарыбыздын сапары байсалдуу болуп, парздарын толук аткарууну Жаратканым насип кылсын!

Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен куттуктайм! Алакан жайып айтылган аруу тилектерибиз орундалып, чалган курмандыктарыбыз кабыл болсун! Ар бириңиздерге бекем ден соолук, узак өмүр каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий