• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

ЖК төрагасы президенттин Иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган салтанатка катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев президенттин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык маарекесине карата Чолпон-Ата шаарында уюштурулган аземге катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев Иш башкармалык президенттин гана эмес, Жогорку Кеңештин да ишин каржылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыздаган негизги көмөкчү орган катары кызмат көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

“Баарыбыз жакшы билгендей, 2021-жылы президенттин Иш башкармалыгына Жогорку Кеңешти да тейлөө милдети жүктөлгөн. Бул чечим мекеменин жоопкерчилигин дагы күчөтүп, коюлган талаптарды дагы жогорулатты. Айрыкча, мындан 30 жыл мурун түптөлгөн Иш башкармалыктын ыйгарым укуктарын, азыркы абалына эч салыштыруу мүмкүн эмес. Себеби, азыркы тапта кулачы абдан кеңейип, иш-милдеттери дагы арбыды”, - деди Нурланбек Шакиев.

Муну менен катар аталган мекеменин кылган кызматы жалпы мамлекеттик бийлик бутактарынын ишине да таасир берерин эске салган Төрага: “Иш башкармалык натыйжалуу иштеп, каржыны туура пайдаланып, өз ыйгарым укуктарын жакшы аткарса Президенттин да, Жогорку Кеңештин да иши алдыга жылат. Бул башка мамлекеттик органдардын ишин илгерилетүүгө да көмөкчү болот”, - деп кошумчалады.

Андан тышкары, дүйнөлүк тажрыйбадан алганда да бардык мамлекеттин жогорку бийлик органдарында Иш башкармалыктар кызмат көрсөтөрүн айткан Нурланбек Шакиев: “Сиздердин ишиңер башка өлкөлөрдөн келген жогорку даражалуу конокторго да дароо байкалат. Алсак, ардактуу меймандарды тосуп алуу, аларды жайгаштыруу жана бардык керектүү шарттар менен камсыздап, кайра узатуу милдети да сиздерге жүктөлгөн. Бул жааттагы тажрыйбаңар башка өлкөлөргө үлгү. “Эшигин көрүп, төрүнө өт” - дегендей, эл аралык делегацияларды татыктуу тосуп алып, бийик деңгээлде тейлөө милдетин жигердүү аткарып келесиздер” - деди.

Ошондой эле азыркы тапта Иш башкармалыкка көптөгөн мекемелер карай турганын, алар жалпы жарандарга да кызмат көрсөтүүгө ылайыкташканын белгилеген төрага: “Президенттин жеке көзөмөлүнүн негизинде Иш башкармалык тарабынан эс алуу жана ден соолукту чыңдоо жайлары жаңыланып, ири курулуштар жүргүзүлүүдө. Анын ичинен калкка ипотекалык негизде бериле турган турак-жайлар да арбын курулууда. Андан сырткары, жетекчилерди тейлеген учак сатылып алынып, Иш башкармалыктын карамагына өттү. Андыктан, берилген ишенимди актап, мындан ары да алгылыктуу кызмат кылуу менен жакшы саамалыктарга себепчи болосуңар деген үмүттөмүн”, - деп билдирди.

Муну менен катар төрага Иш башкармалыктын алдыңкы адистерине Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын ыйгарып, ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий