Жогорку Кеңештин төрагасы Шакиев ЖККУ ПАнын жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Алматы шаарында уюштурулган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) жыйынына катышты.

Парламенттен билдиришкендей, жыйында ЖККУнун абалы жана келечеги талкууланып, тиешелүү моделдик актылардын долбоору тууралуу да сөз болду.

Өз баяндамасында төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан ЖККУ алкагындагы байланыштарды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, айрыкча аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыздоо багытындагы уюмдун потенциалын жогорулатуу маселерине токтолду.

“ЖККУнун башкы максаты эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларына жана принциптерине таянуу менен уюмга мүчө-мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүү аркылуу жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу. Андыктан, учурдагы эл аралык кырдаалды эске алып, ЖККУ алкагындагы калыптанган байланыштарды өнүктүрүшүбүз зарыл”, – деди Нурланбек Шакиев.

Тагыраагы, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга, чөлкөмдөгү аскердик-саясий кырдаалга таасир этүүчү факторлорго байланыштуу уюмдун ролу дагы жогорулай бериши керектигин кошумчалады.

“Ага ылайык, башка эл аралык жана аймактык уюмдар менен да кызматташып, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен да тыгыз иш алып барышыбыз зарыл”,– деди төрага.

Муну менен катар жамааттык коопсуздукту камсыздоого багытталган мыйзамдык базаны чыңдоо да башкы маселе экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Кыргыз парламенти уюм алкагындагы парламенттер аралык байланышты арттыруу менен биргелешип иш алып барууга даяр”, – деди.

Ошондой эле заманбап технологиялардын өнүгүшү менен жасалма интеллектин да мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин сөз кылган Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Бирок мында чоң жоопкерчиликти талап кылган тобокелдиктер да арбын. Андыктан, бул жаатта тийиштүү иштерди алып баруубуз кажет”, – деди.

Эскерке кетсек, Алматы шаарында уюштурулган ЖККУ ПАнын жыйынына Кыргызстан, Россия , Казакстан, Беларусь жана Тажикстан парламенттеринин жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий