• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жогорку Кеңештин төрагасы Токмок шаарына иш сапары менен барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Токмок шаарына иш сапары менен барды.

Пармламенттен билдиришкендей, алгач төрага А.С.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын абалы менен таанышты. Алсак, аталган мектеп-гимназия Токмок шаарында курулган алгачкы окуу имараттарынын бири болуп эсептелет. Тагыраагы, билим берүү мекемеси негизги имараты 1953-жылы ишке киргизилген. 850 окуучуга ылайыкташканы менен учурда 2245 окуучу билим алат. Ага ылайык, агартуучулар Жогорку Кеңештин Төрагасынан кошумча жаңы окуу корпусун курууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Нурланбек Шакиев билимдүү коом болмоюн өнүккөн өлкөнү куруу мүмкүн эместигин белгилеп: “Андыктан, акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, келечек ээлерине керектүү бала бакчалар, мектептер салынууда. Айрыкча аймактардагы айыл-шаарларда жаңы окуу имараттары арбын курулуп, агартуучулардын да айлык маянасы эселеп жогорулатылууда. Албетте, баарын бир заматта жаңылап салуу мүмкүн эмес. Өлкө экономикасы азыркыдай өнүгө берсе, кыска убакыт аралыгында билим берүү тармагын жаңы деңгээлге чыгарабыз деген терең ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле төрага Токмок шаарындагы алдыңкы мектеп-гимназиялардын бири саналган аталган билим берүү мекемесинин кошумча имаратын тез арада куруу маселесин тийиштүү жетекчилерге табыштап: “Бул мектеп-гимназия Токмок шаарында негизделген алгачкы, ал эми билим берүүнүн сапаты боюнча азыркы тапта алдыңкы окуу мекемеси экен. Андыктан өзгөлөргө үлгү болгон мектеп-гимназиянын имараты да өзгөчөлөнүп, заманбап шартта болушу керек”, – деди.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий