• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жогорку Кеңештин төрагасынын үч орун басары шайланды. Кимдер?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 12-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар парламенттин төрагасынын үч орун басарын шайлашты.

Орун басарлык кызматка төрт талапкер сунушталган: Жамиля Исаева (“Ата-Журт Кыргызстан”), Нурбек Сыдыгалиев (“Ишеним”), Улан Примов (№11 Алай округу) жана Нурланбек Азыгалиев (№22 Жайыл округу).

Добуш берүү жашыруун түрдө өтүп, натыйжасында Жамиля Исаева 74, Нурбек Сыдыгалиев 74, Улан Примов 59 добуш алып, спикердин орун басарлары болду.

Ал эми Нурланбек Азыгалиев 38 добуш алса, баарына каршы бир добуш берилген.

Жалпы 87 бюллетень даярдалып, добуш берүүдөн кийин экөө жараксыз, үчөө керектен чыгарылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин түзүмү түзүлгөн. Ага ылайык, түзүмдө сегиз комитет, үч вице-спикер болот.

Пикир

Оставить комментарий