Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Кубанычбек Самаков ант берди.
Самаков Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттык тобунун курамына кирди.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 10-сентябрында Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда кайрадан шайлоо өткөн.
Пикир
Оставить комментарий