• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар аймактардагы көйгөйлөрдү көтөрүштү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар аймактардагы социалдык көйгөйлөрдү көтөрүштү. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Алсак, депутат Бактияр Калпаев электрондук нотариус кызматын толук кандуу иштетүү, санариптик кызмат көрсөтүү процессин үзгүлтүксүз ишке киргизүү жагдайларына токтолду. “2024-жылдын февралында Юстиция министрлиги "электрондук нотариат-2" системасын ишке киргизди, нотариустардын бардык иш-аракеттери санариптештирилген, бирок бүгүнкү күндө нотариустарда система жакшы иштебей жатат. Мындан улам жарандар жана ишкерлер кыйынчылыктарга туш болушууда", - деди Бактияр Калпаев.

Депутат Дастан Бекешев өспүрүмдөр арасында кеңири жайылып жаткан "квадробобер" жаныбарларды тууроо кыймыл аракетине көңүл буруп, мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгиледи. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков кызматтык милдетин аткарууда жабыр тарткан аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу маселесин белгиледи.

Депутат Алишер Козуев Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл аймагынын Ак-Жар жана Бирдик конуштарына айыл статусун берүү маселесин көтөрдү. Муну менен катар депутат район аймагындагы бир нече айылдарда таза суу маселеси чечилбей жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде депутат Талайбек Масабиров Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында жайгашкан №23 Эралиев атындагы мектептин жамааты менен ата-энелердин кайрылуусун жеткирди. Анда ашар жолу менен курулган эски билим уясынын авариялык абалда экендигин эске алып, имаратын жаңылоо талабы айтылган.

Эл өкүлү Марат Мураталиев Талас облусундагы Маймак станциясына баруучу жолду оңдоо, Талас-Тарас-Суусамыр жолунун айрым тилкелерин реконструкциялоо маселесин көтөрдү.

Ал эми депутат Алтынбек Кылычбаев Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы эски стадионду оңдоо, айылга спорт зал куруу сунуштарын айтты. Ошондой эле депутат ушул эле райондун Кара-Алма айылындагы эски көпүрөнү жаңылоо боюнча элдин талабын жеткирди.

Депутат Камила Талиева болсо Лейлек районундагы ветеринардык лабораториянын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү, кызматтык унаа менен камсыздоо маселелерине көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий