• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жогорку сотто Кытайдан келген делегация менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев Кытайдан келген делегация менен жолукту.

Жогорку соттон билдиришкендей, кытайлык делегацияны Шэньси провинциясынын парткомунун туруктуу комитетинин мүчөсү, Шэньси провинциясынын тартипти текшерүү комиссиясынын катчысы, Шэньси провинциясынын партиялык көзөмөл комитетинин башчысы Ван Синънин баштап келди.

Жолугушуунун максаты өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана коррупция менен күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү болду. Атап айтканда, кытай тарап улуттук ченемдик-укуктук актыларга жана аларды коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүдө колдонуу практикасына кызыгуусун билдирди.

Жолугушуунун соңунда катышуучулар актуалдуу укуктук маселелер боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана укуктарды коргоо жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин тастыкташты.

Пикир

Оставить комментарий