Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев бүгүн Нарын облусуна иш сапары менен барды.
Төраганын иш сапары алгач, Жумгал райондук сотунан башталып, анда сот кызматкерлери менен жыйын өткөрүлүп, соттун материалдык-техникалык абалы, иштерди кароонун сапаты боюнча ар кандай актуалдуу маселелер көтөрүлдү.
Мындан тышкары, Медербек Сатыев сот кызматкерлеринин гана эмес, сот аткаруучулар менен сот приставдарынын дагы эмгек шарттары менен таанышып чыкты.
Жогорку соттун төрагасын иш сапарда Жогорку соттун судьясы Маргарита Мельникова жана төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов коштоп жүрөт.
Пикир
Оставить комментарий