Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Чоң-Алай райондук сотунда QR-код аркылуу онлайн сурамжылоо тууралуу маалымат камтылган стенд орнотулат. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин Чоң-Алай райондук сотуна болгон иш сапарында белгилүү болду.
Жогорку соттон билдиришкендей, сот кызматкерлери менен жолугушууда Медербек Сатыев Ош облустук башкармалыгынын аракетсиздигин сынга алып, Чоң-Алай сыяктуу кышы узакка созулган аймактарга өзгөчө көңүл бурууну талап кылды. Буга төрага кышкы форманы мисал келтирип, бул бийик тоолуу район үчүн жылуу эмес экенин айтты. Ошондой эл, Медербек Сатыев имараттагы жаракалар коркунуч туудурарын жана оңдоо иштерин мындан ары жылдырууга жол берилбестигин белгиледи.
Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө Чоң-Алай райондук сотунун сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу, 30 жылдан ашуун тажрыйбасы бар Абылбек Дүйшөбаев сот чечимдерин аткаруунун эң жогорку деңгээлин, тактап айтканда 93%ды көрсөткөнү белгилүү болду.
Ошондой эле жакын арада сотко кайрылган жарандар жана сот процессинине катышкандар арасында QR-код аркылуу онлайн сурамжылоо тууралуу маалымат камтылган стенд орнотулары кабарланды . Бул ыкма жарандардын керектөөлөрүн толук аныктоого, кетирилип жаткан кемчиликтерди жоюуга мүмкүндүк берет.
Пикир
Оставить комментарий